Президент жеке автомектептердин айрымдары айдоочулук күбөлүктү сатып келгенин билдирди   

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров даяр айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн миң долларга чейин алган автомектептер болгондугун айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа”) барганда билдирди.

“Жеке автомектептерде “под ключ” деген да варианты бар экен. Бул баарыбызга эле жашыруун эмес. 275 автомектептин арасында бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берип эле 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин алып, анан күбөлүк берген мектептер бар. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал келтирип айта кетейин, 2015-жылдан 2019-жылга чейин алсак, жеке мектептерден окугандардын 90-95 пайызы экзаменден өтүп кетишкен. 5-10 пайызы эле өтпөй калган. Анткени алар акча бере алчу эмес же бергиси келчү эмес дегендей. Ал эми 2021-жылы болсо биз системаны колго алып, 5-6 жетекчини алмаштырып, коррупция менен күрөшө баштагандан бери бул көрсөткүч дароо түшкөн. Мисалы, экзаменден өткөндөрдүн саны 28 эле пайызга жетип калган. Ал эми 72%ы өткөн эмес” деди президент Жапаров.

2026-жылдын 30-январынан 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат.

Апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт. Жарлык 30-январдан тартып күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты