Президент Жапаровдун Түркияга жумушчу сапары аяктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга жумушчу сапары аяктады жана 13-ноябрда Бишкекке кайтып келди.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды.

Жапаров Түрк кеңешинин башка лидерлери менен бирге Стамбул шаарында ТМКК катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземине катышты.

ТМККнын сегизинчи саммитинин жүрүшүндө мамлекет башчы сөз сүйлөп, анда уюмдун эл аралык аренадагы маанилүү ролун, ошондой эле Кыргызстандын мындан ары да түрк дүйнөсүнүн мамилелерине жана боордоштугуна активдүү катышууга, түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстерин өнүктүрүүгө олуттуу  салым кошууга даярдыгын белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту, атап айтканда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү, Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү, Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы, «Түрк дүйнөсүнүн көз караштары 2040» стратегиялык документин кабыл алуу чечими, Түрк фондун түзүүнү аяктоо ж. б.

Саммиттин аянтчасында Президент Жапаров Азербайжандын  Президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия  Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктаган соң, 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.

11-12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына иш сапарынын алкагында Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгына мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын (ТМКК) «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» саммитине катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты