Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга учуп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 11-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгына мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын (ТМКК) «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» саммитине катышат.

Мындан сырткары мамлекет башчысынын саммит аянтчасында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Президентти Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев коштоп кетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты