Президент Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле  белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты