Президент Жапаров «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 21-декабрда, президент Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ачты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Торугарт-1” жана “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү нункту 1993-жылы курулган. “Торугарт-2” 2010-2018-жылдар мезгилинде Кытайдын колдоосу менен курулганы боюнча маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. «Торугарт 2» комплекси реконструкциялоого муктаж болчу.

Бүгүнкү күндө аталган көзөмөл-өткөрмө пункт аркылуу күн сайын 300дөн ашуун унаа өтөт. Бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулуп, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн.

Көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышкан президент анын жакшыртылган инфраструктурасы толугу менен керектүү стандарттарга жооп бериши жана чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты