Бишкектеги коомдук унаада жол киренин төлөнүшү көзөмөлдөнүүдө
- 5 дней мурун
Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук унаада жол киренин төлөнүшү көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Рейддик иш-чаралар күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да өткөрүлүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү ыкма аркылуу төлөө тартиби жана белгиленген талаптарды сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.
1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке киргизилди.
Жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
«Тулпар» транспорттук картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду транспорт каражатында орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.
Мындан тышкары «Тулпар» картасын колдонгондо жүргүнчүлөр биринчи төлөм жасалган учурдан тартып, бир саат ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолу акысыз жүрө алышат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




