“Торугарт” өткөрүү бекети аркылуу дан азыктарын Кытайга экспорттоо макулдашылды

“Торугарт” бекети аркылуу дан азыктары үчүн кошумча каттамды ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, “Эркечтам” бекетиндеги жүктөмдү азайтууга жана айыл чарба продуктулары менен өз ара соода жүргүзүүнү мындан ары дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетинин иштөө графигинин мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлдү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен 22-сентябрдагы жолугушууда макулдашылды.

Мындай жетишкендик өзгөчө Чүй облусундагы дыйкан фермерлери үчүн өздөрүнүн дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылды. 

“Торугарт” бекети аркылуу дан азыктары үчүн кошумча каттамды ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, “Эркечтам” бекетиндеги жүктөмдү азайтууга жана айыл чарба продуктулары менен өз ара соода жүргүзүүнү мындан ары дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетинин иштөө графигинин мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлдү. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты