Президент Жапаров Татарстанда Путин менен жолугушат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 21-февралда, Орусияга иш сапарынын алкагында Татарстанга барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Казань шаарындагы  Тукай атындагы эл аралык аэропортто Садыр Жапаровду Татарстан башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстан башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуулары өтөт.

Сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты