Президент иш сапары менен Орусияга барат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Россия Федерациясына иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Бул иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жана Татарстан башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуулары өтөт.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат» деп белгиледи Азымбакиев.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты