Президент Жапаров Сергей Лебедев менен жолукту

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда, КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында өлкөгө келген КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы — аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту.

Жолугушуудаө мамлекет башчы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле Кыргызстанга парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн КМШнын атынан келген байкоочулар миссиясынын олуттуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Сергей Лебедев 28-ноябрдагы шайлоо тынч жана татыктуу өтүп, эл аралык байкоочулар тарабынан да таанылып, Кыргызстан элинин кызыкчылыгын чагылдырат деген ишенимин билдирди.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты