Президент Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине  катышат

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда. 

Алдыдагы Саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУдагы байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышат. 

Сүрөттө: Самарканд шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты