Президент Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга барат
- 1 year мурун
Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат.
Бул тууралуу президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Сапардын алкагында Азербайжандын Милли межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.
Мындан тышкары, азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.
Сүрөттө: Баку шаары. Интернет булактарынан.