Президент Жапаров: Мындан ары шайлоолор таза өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров мындан ары шайлоолор таза өтүп, административдик ресурт колдонуу таптакыр болбойт деп билдирди.

Бул тууралуу ал 21-октябрда башталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде белгиледи.

Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчтү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат, -деди ал.  

 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты