Президент Жапаров мечитте айт намазга катышты
- 3 недели мурун
Бүгүн, 10-апрелде, президент Садыр Жапаров Имам Сарахси атындагы мечитте айт-намазга катышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынуу менен орозо айт намазы үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү өлкөдөгү жума мечиттеринде окула турганын, Бишкекте Эски антта окулбай турганын Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирген
Орозо айт бүгүн, 10-апрелде белгиленүүдө.
Буга чейин айт намазы Бишкекте борбордук аянтта, район борборлорунда, мечиттерде окулары айтылган. Быйыл айт намазы Эски аянтта, район борборлорунда окулбайт.
Сүрөттөр: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү