Президент Жапаров Малайзия премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту

Бүгүн, 15-майда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуудан кийин ЖМК өкүлдөрүнө буларды билдирди:

“1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда бир нече ийгиликтүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жакшы жетишкендиктерге алып келди. Бирок, тилекке каршы, кызматташуубуздун толук дарамети азыркы мезгилге чейин жакшы ачылбай келген экен. Андыктан, кыргыз-малайзиялык достук мамилебизди кошумча практикалык мазмун менен толуктоодо атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

Аталган комиссиянын жанданышы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине тилектешмин.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкуу орун алды.

Бул долбоордун ишке ашырылышы, эки өлкөбүздүн ортосундагы туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык өнөктөштүктү жаңы жогору деңгээлге чыгара турганы шексиз.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда ийгиликтүү кызматташуунун илгерилетүү максатында эч кандай карама-каршылыгы жок экендигин белгилейм.

Бул жагдай эки тараптуу өнөктөштүктү жогору деңгээлге чыгарууда маанилүү негиз болуп саналат.

Биздин жемиштүү жолугушуубуз «Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө» кол коюу менен жыйынтыкталууда.

Бул документ кыргыз-малайзиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн «Жол картасы» катары болуп калууда” деди ЖМКга Садыр Жапаров жолугушуудан кийин.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 14-майда кечинде Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болду.
 
“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты