Кыргызстанга Малайзия премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди

  • 2 месяца мурун

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
 
“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
  
Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.

“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат” деп билдирди буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты