IV элдик курултай ишин аяктады
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында IV элдик курултай өз ишин жыйынтыктады. Иш-чара 25-26-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Курултайдын 690 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттарынын, иний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.
Курултайдын биринчи күнүндө мамлекет башчы катышуучуларга кайрылуу жасап, коомдук маанилүү маселелерге токтолду.
IV Элдик Курултайдын делегаттары социалдык чөйрө, кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу, ошондой эле айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо боюнча кеңири маселелерди көтөрдү.
Шаарларды өнүктүрүүгө кошумча каражат бөлүү боюнча сунуштарга, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү жана эмгек мигранттарынын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде парламентке талапкерлигин коюу маселелери боюнча демилгелер айтылды.
Президент Жапаров IV элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарына кеңири токтолду.
Сүрөт: president.kg




