Президент Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, сапар алмашуу жана Кыргызстан менен ЕБ ортосунда кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маселелерин талкуулап, регионалдык коопсуздук маселеси боюнча да пикир алмашты.

Жапаров Баткен облусунда карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө, жарандык жана социалдык инфраструктуранын талкаланышына алып келген Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде атайын өкүл Тери Хакала Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун актуалдуулугун, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Тери Хакала Кыргызстандын жапа чеккен аймактарына ЕБ тарабынан гуманитардык жардам бөлүнгөнү тууралуу маалымат берип, ошондой эле чек ара маселелерин тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты