Президент Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда суу ресурстары жана энергетика маселесин көтөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунда суу ресурстарын пайдалануу жана энергетика чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу айтты.

«Байкалган терс тенденциялар баарыбызды ойлонтот. Бул ушул жерде жашаган баарыбыз үчүн, ошондой эле кийинки муундарыбыз үчүн зарыл болгон жашоо шарты катары сууга болгон мамилени толугу менен өзгөртүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Биз Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, биринчи кезекте өлкөлөрдүн суу жана суу-энергетикалык секторлоруна мамлекеттик да, жеке да масштабдуу капиталдык салымдарды тартуу боюнча кардиналдуу, конкреттүү жана натыйжалуу чараларды көрүшүбүз керек.

“Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы 1998-жылдагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жандантып, өркүндөтүү боюнча ишти баштоону сунуштайм, анда суу жана энергетикалык ресурстарды тең салмактуу алмашуу каралган. Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык спектри боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз.

Бишкек шаарында Борбор Азия регионунда энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүүнү сунуш кылам, бул биздин региондо жалпысынан суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда суу саясатына болгон мамилебизди колдонуучулуктан жаратылышты коргоо жагына өзгөртүп жатабыз, анын маңызы суу ресурстарынын калыптануу зонасын коргоону, гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу жана дарыялардын жогору жагындагы экологиялык абал жөнүндө толук маалыматты калыптандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бирдиктүү экологиялык системасын сактоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн экономикалык механизмди түзүү болуп саналат.

Эл аралык деңгээлде биздин өлкө тоону туруктуу өнүктүрүүгө, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын калыптандыруу зоналарын сактоого багытталган демилгелерди алдыга жылдырууда” деп белгиледи Президент.

Бешинчи консультативдик жолугушууга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев чакырылган мейман катары катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты