Президент Жапаров:  Биз айкын коом куруу максатыбыздан тайбайбыз

  • 3 года мурун

Президент Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мамлекте башчы буларды баса белгиледи:

Өнүгүүнүн демократиялык жолун тутунган Кыргызстандын коомдук турмушунда болуп жаткан окуялар менен көйгөйлөр ачык-айкын чагылдырылмайын, өлкөбүздү илгери сүрөө кыйын. Ошондуктан, биз айкын коомду куруу максатыбыздан тайбайбыз, -деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу айтып кетти:  

-Баарыбыздын изги тилегибиз – ыйык Ата Журтубуз  Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу. Кыргыз Республикасын эл аралык коомчулукка таанытуу, аброюн көтөрүү, мамлекетибиздин жетишкендиктери менен ийгиликтерин дүйнө жүзүнө жеткирүүдө ЖМК өкүлдөрү бийик жоопкерчилик менен иш алып барат деген бекем ишеничтемин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты