Казакстанда АКШнын өкмөттүк сайты бөгөттөлдү

  • 8 месяцев мурун

Казакстанда АКШнын cоода министрлигине караштуу өнөр жай жана коопсуздук бюросунун сайты бөгөттөлдү. Бул тууралуу бир катар казак басылмалары жазды.

Интернет-ресурстардын ачыктыгын текшерген маданият жана маалымат министрлигинин сайтында https://www.bis.doc.gov дарегиндеги сайт «жалган маалымат таратканы үчүн» бөгөттөлгөнү жазылган. Бирок анда сайт «кандай маалымат таратканы» так көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин айрым казак ЖМКлары жогорудагы сайттын бөгөттөлүшүнө «Казакстан Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы» тууралуу маалыматтын жарыяланганы себеп болгонун жазышкан.

Бирок Казакстандын маданият жана маалымат министрлиги бул билдирүүнү четке какты.

«Мекеме дайыма маалыматтык чөйрөгө көз салып, фишинг интернет-ресурстарды аныктап келет. Быйыл апрелдин аягында 21 фишинг ресурска, анын ичинде bis.doc.gov сайтына тиешелүү чечим ишке ашырылары жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн»деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден эгер бул боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мыйзам бузуу аныкталбаса, анда сайтка киргизилген чектөөлөр кайра алынарын кошумчалашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты