Президент Жапаров Баткенде УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 12-декабрда, президент Садыр Жапаров Баткенде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы «бул жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганы талашсыз экендигин» белгиледи.

Садыр Жапаров 1999-2000-жылдардагы Ооганстандан Өзбек Ислам Кыймылынын согушчандары Баткен облусунун аймагы аркылуу жана Тажикстан аркылуу Өзбекстанга басып кирүүгө аракет кылганын айтты. Ушундай эле окуя 2006-жылы кайталанып, Баткен облусунун аймагына Тажикстандан Эл аралык террордук уюмдун куралдуу согушчандары кирип келишкен. Бул эки окуяда Куралдуу күчтөрдүн антитеррордук атайын операциясынын натыйжасында кылмыштуу топтор жок кылынган.

Президент аталган окуяларда жана 2021-2022-жылдары чек арада катталган куралдуу кагылышууда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ондогон аскерлери, ошондой эле УКМКнын “Альфа” атайын багытынын кызматкерлери Ата Мекен чегин коргоп жатып, баатырларча курман болушканын эскерип, алардын ишинин маанилүүлүлүгүнө токтолду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты