Президент Жапаров Азербайжанда Гейдар Алиев жана анын жубайын эскерди  

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров 20-апрелде Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяда”  улуттук лидер Гейдар Алиевди бейитине гүлчамбар коюу менен эскерди.

Мамлекет башчы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын бейитине гүл коюу менен жаркын элесине таазим кылды.

Андан соң Кыргыз Республикасынын делегациясы ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Президент Жапаров Азербайжанда Гейдар Алиев жана анын жубайын эскерди  
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Бул күндөрү Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанда жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты