Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев, парламенттин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат. Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында президентти жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев, айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, экономика министри Данияр Амангелдиев коштоп кетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты