Президент Жапаров Астанага иш сапары менен барды
- 4 months мурун
Президент бүгүн, 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта мындай деп айтылат: “Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Жапаровду Казакстан премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.
Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров “Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда” темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат.
Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот”.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы