Президент Жапаров Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышат

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуу үчүн Астана шаарына барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан мамлекет башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты