Бишкекте  “ШКУ+” форматындагы жыйын болду

Бишкекте бүгүн, 1-сентябрда, “ШКУ+” форматындагы жыйын болду. Саммит “БУУ адилет дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: “ШКУ плюс” мамлекеттеринин көп полярдуу дүйнөнү калыптандырууга кошкон салымы” деген темада өттү.

Жыйынга Мисир дин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, Арменинын премьер-министри Никол Пашинян, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит,  Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

Садыр Жапаров Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи.

«Биз үчүн адилеттүүлүктүн башкы критерийи – ар бир мамлекеттин үнүн эске алуу жана эл аралык ченемдердин бардыгы үчүн бирдей жана кынтыксыз колдонулушу. Дал ошондуктан Кыргыз Республикасы калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн өзөгүндө Бириккен Улуттар Уюму кала бериши керектигине бекем ишенет” деди Садыр Жапаров.

Ал БУУнун ишинде орун алган кемчиликтер анын ролун алсыратууга же Уюмду айланып өтүүгө себеп болбошу керектигин айтты. Тескерисинче, бул БУУну биргелешип чыңдоо, натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап реалдуулукка ылайык анын механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгын күбөлөндүрөт.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоону колдойт. Мындай реформа кеңири макулдашуунун негизинде жүргүзүлүшү керек” деди Жапаров.

Президент ошондой эле алдыдагы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн өзгөчө маанисине токтолду. Ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасы өз тарыхында биринчи жолу 2027-2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын да айтып өттү.

“Биз саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн тараптардын позициялары олуттуу айырмаланган учурларда да байланыш каналдарын сактоо зарыл” деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты