Президент Жапаров – АКШга барды. Делегация курамы

  • 8 месяцев мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн барды.

Сапардын алкагында мамлекет башчы БУУнун саммитинин ишине туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— АКШдагы элчи Бактыбек Аманбаев;

— президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

-Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты