Президент Жапаров Нью-Йорк шаарына иш сапар менен барат  

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 17-21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«18-сентябрда мамлекет башчы БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат.

19-сентябрда өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы пссамблеясынын алкагында мамлекет башчынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

21-сентябрда Президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат», — деп билдирди ал.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты