Президент Жапаров “Airbus Europe”жана “BBAM Leasing” компания жетекчилерин кабыл алды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье жана “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергастты кабыл алды.
Жолугушууда жаңы учактардын эсебинен авиациялык паркты кеңейтүү жана жарандык авиация тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргызстан “Airbus Europe” компаниясы менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерине токтолуп, бүгүн кол коюлган келишим буга айкын далил экенин айтты.
“Биз муну өлкөбүздүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө, ташуулардын ишенимдүүлүгүн арттырууга, учуулардын коопсуздугун бекемдөөгө жана аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө маанилүү салым катары жогору баалайбыз” деди Жапаров.
Мындан тышкары, Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу процессинин акыркы баскычында турат.
Ушуга байланыштуу Президент компаниялардын жетекчилерине бул багытта колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен кайрылды.
Өз кезегинде “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье Кыргызстанда авиация тармагын өркүндөтүү боюнча жетишилген жыйынтыктарга жогору баа берип, тармакты модернизациялоо жана авиациялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштерге токтолду.
Ал коммерциялык авиация чөйрөсүндө гана эмес, транспорт жана логистиканы кошо алганда, башка багыттар боюнча да узак мөөнөттүү негизде өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
“Кыргызстан Евробиримдиктин аудитинин жыйынтыктоочу этабында турганы тууралуу кабарды кубануу менен кабыл алдык жана бул маселеде керектүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз” деди Йохан Пелиссье.
“BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст Кыргызстан сатып алып жаткан учактар эл аралык стандарттарга толук жооп берерин белгилеп, компаниянын адистери жаңы учактардын операциялык системаларын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн өлкөгө келерин кошумчалады.
Бүгүн, 5-мартта, президенттик администрацияда «Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому менен BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын ортосунда Кыргызстанга «Airbus А321ceo» үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык, эки учак жыл аягына чейин өткөрүлүп берилет.
Сүрөт: president.kg




