Президент жана УКМК төрагасы менен үй-бүлөлүк мамилесин шылтоологон алдамчылыкка шектүү кармалды
- 3 недели мурун
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелип, С.У.Э. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, С.У.Э. президент жана УКМК төрагасы менен жеке үй-бүлөлүк мамилесине жамынып, базар баасы 65 миң АКШ долларын түзгөн 2022-жылкы «Тойота Тундра» жана базар баасы 15 миң АКШ долларын түзгөн 2011-жылкы «Мерседес-Бенц «А-класс» унааларын ээлеп алган.
Жабырлануучунун аталган унааларды кайтарып берүү талабына жооп катары, С.У.Э. коркутуу жана республиканын жетекчилиги менен байланыштарын шылтоо кылып, жогоруда айтылган унааларды кайтарып берүүдөн баш тарткан.
Андан тышкары, жолугушууларда ал ар кандай маселелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, бул сөздөрүн өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүү аркылуу далилдөөгө аракет кылган.
Аталган факты боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү, алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 27-декабрында С.У. Чолпон-Ата шаарында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жана оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК




