Президент Ысык-Көлдө жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты
- 1 неделя мурун
- Фоторепортаж
Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда, Ысык-Көл облусунун аймагындагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, «Жейрен-Ордо» долбоорунун демилгечилери жана уюштуруучулары «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы болуп саналат.
Жейрендер Өзбекстандан алынып келинген.
Мамлекет башчыга борбордо 43 баш жейрен багылып, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканы маалымдалды. Быйылкы жылы 25 башы: биринчи 12 эркек, ал эми адаптациялангандан кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен биринчи жолу чыгарылат. Бул ыкма туруктуу үйүрлөрдү табигый түрдө түзүүнү шарттайт.
Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну пландаштырууда. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчы мекендештерибизге, өзгөчө Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырды. Анын айтымында, бул жаныбарлар дээрлик 100 жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгине кайтарылып жатат.
Президент 1930-жылдарга чейин жейрендер Тоң районунда кеңири жайылып, кийин бир катар себептерден улам дээрлик жок болуп кеткендигин баса белгиледи.



