Президент Ысык-Көл облусунда УКМКнын жаңыланган имаратын ачты
- 1 год мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы өз сөзүндө УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты өлкө коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты сактоо, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында ишмердүүлүктү арттырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
“ Коопсуздук органдары, анын ичинде облустардагы башкармалыктар бизге ишенимдүү таяныч болуп берет. Мына ошондуктан, ички-тышкы коркунучтарды алдын алуу, керек болсо натыйжалуу жоопту берүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлүшү кажет” деди Садыр Жапаров.
Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес.
Жалпысынан 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.
Андан кийин Президент Садыр Жапаров имараттагы жаңыланган шарттар менен таанышты: кызматтык жайларды, актовый залды, медициналык-санитардык бөлүктү, ошондой эле машыгуу залын жана жайкы футбол талаасын көрүп чыкты.