Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирдин ачкычтарын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң роль ойноорун белгиледи.

Ошондой эле мугалимдер менен медицина кызматкерлерин жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо, эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып коюшуңуздар керек” деди Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Садыр Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле  учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты