Президент тышкы карыз ордуна «жашыл» долбоорлорду сунуштап, эл аралык каржы уюмдарына кайрылды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 8-январда Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн ордуна, “жашыл” долбоорлорду сунуштап, өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык каржы институттарына кайрылуу жасады. Кайрылуу Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

-Жашыл экономика жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн арасында аябай эле артта калып жатканыбыз жашыруун эмес. Биз бул жагдайды болушунча тез өзгөртүүнү ниеттенип жатабыз. Бул демилгебиз донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанда элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтери курулууда. Бирок бул дагы жетишсиз. Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз,-деп айтылат кайрылууда.  

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд АКШ долларынын тегерегин түзүүдө.

Кайрылууда өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын белгиледи.

2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин ачылышында Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууну көздөөрүн, ал эми 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын билдирген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты