Президент ШКУнун баш катчысы Чжан Минди кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна колдоо көрсөтүп, катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз тарап ШКУнун алкагында талап кылынган жана маанилүү сунуштарды жүйөлүү жана негиздүү илгерилетүүдө. Тактап айтканда, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү максатында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү иштерин аягына чыгаруу зарыл.

Мындан тышкары, мамлекет башчы натыйжалуу финансылык механизмдерди түзүү процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи, атап айтканда, сөз экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле транспорттун бардык түрлөрү менен ташуунун сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл. Бул багытта “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун тез арада ишке ашыруу абдан маанилүү деп эсептелинет.

ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин Катчылык ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшүү жана координациялоо боюнча аракеттерин уланта бере тургандыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты