Жарандыкты кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жарлыгына кол коюлду
- 2 месяца мурун
Президенттин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө жарлыктарына кол коюлду.
Бул тууралуу маалымат 28-мартта президенттин сайтында жарыяланды.
“Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт” деп айтылат маалыматта.
Бирок канча адам жарандык алгандыгы, канча адам жаранктына чыккандыгы жана канчасы жарандыктан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат айтылган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




