Президент ШКУ коопсуздук кеңеш жыйынына келген делегацияны кабыл алды
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын катышуучулары болгон делегация башчылары менен жолугушту.
Мамлекет башчы Бишкек шаарында өтүп жаткан 21-жыйын ШКУнун коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары маанисин белгиледи.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУга мүчө-мамлекеттер бүгүнкү күндө туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү белгиледи.
Алардын арасында геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар.
Президент Кыргызстан эл аралык карама-каршылыктарды жөнгө салуунун саясий-дипломатиялык ыкмаларын ырааттуу колдой турганын баса белгиледи. Анын айтымында, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык.
Президент ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын жалпы коркунучтарга каршы туруудагы маанилүү ролун белгиледи.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров катышуучуларды конструктивдүү, ачык жана прагматикалык диалогго чакырып, 21-жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер ШКУ мейкиндигинде тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары жана өкүлдөрү аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикирлерин айтышып, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоонун зарылдыгын белгилешти, ошондой эле уюмдун алкагында өз ара ишеним жана өнөктөштүк рухунда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууга Кыргызстан, Буларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Иран, Кытай өкүлдөрү, ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору катышты.
Сүрөт: president.kg




