Президент «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.

Соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ болгон мөөнөт 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат.

Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” аталган мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты