Президент Садыр Жапаров жеңилдетилген насыя боюнча дыйкандарга кайрылды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жазгы талаа жумуштарын утурлай дыйкандар менен фермерлерге кайрылды.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда үч жылдык мөөнөт менен үстөгү 6% жеңилдетилген насыя берилип жатканын, жалпысынан бул багытта бюджеттен 26 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген. Бул каражаттын 1,5 миллиарды үрөн сатып алууга, дагы бир миллиарды ирригация тутутун жакшыртууга берилерин, үрөндү дыйкандар 4,5 үстөгү менен эки жылдык мөөнөткө алса болорун айтты.

«Буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек», — айтылат кайрылууда.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. Өкмөт башчы жеңилдетилген шартта берилген насыяны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты