Кыргызстанда быйыл дыйкандарга 26 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет

  • 2 года мурун

Быйыл дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя берүү үчүн 26 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт. Айыл чарба насыясы дыйкандарга 6 пайыздык чен менен берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында билдирди.

Жапаров Мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун белгиледи.

Ал жеңилдетилген шартта берилген насыя акчаны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун эскертти:

“Ар бир банкта атайын программа коюлат. Акчанын көпчүлүгүн эгер жер семирткич алам десе жер семирткичке, күйүүчү май десе күйүүчү майга которуп беребиз банктын өзүнөн. Айыл өкмөттөгүлөр, акимдер, бүт баары дүрбү салып карайбыз мындан ары. Өкмөт элдики, “Айыл банк” жана “РСК банк” элдики, жакында “Керемет банкты” кошуп жатабыз. Элге үстөк пайызы азыраак, мөөнөтү узагыраак насыя керек. Ушул милдеттерди аткарууга киришти бул банктар. Баарын карайбыз, акчаны бөлөк жакка которгондор боло турган болсо ордуна коебуз. Ошондуктан акчаны накталай эмес, которуу жолу менен берүүгө өтүп жатабыз”.

Мындан тышкары өкмөт башчысы ирригациялык тутумду оңдоо жана башка тиешелүү иш-чараларга 1 млрд сом, үрөн сатын алууга 1,5 млрд сомго жакын жана минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландалып жатканын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты