Президент Садыр Жапаров айт намазга катышты
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, ыйык Орозо айт майрамына карата өткөрүлгөн айт намазга катышты.
Майрамдык намаз Кыргызстандын миңдеген жарандарынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өттү.
Айт намазга коомчулук, бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Эски аянттагы айт намазы саат эртең мененки 7:00до башталды. Орозо айт 20-мартта белгиленүүдө. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы кеңешмесинин чечими менен кабыл алынган.
Быйыл айт намаз Бишкекте эски аянтта окулду. Кийинки жылдары айт намазы мечиттерге гана окулуп калган.
Айт намазы күнү коопсуздукту республика боюнча 10 миңден ашуу милиция кызматкерлери камсыздоодо.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




