Орозо айтты майрамдоо учурунда коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт
- 3 месяца мурун
Эртең, 20-мартта, Орозо айт майрамы күнү республика боюнча коомдук тартипти камсыздоо үчүн 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди
Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ
Муну бөлүшүү




