Президент Пасха майрамы менен православ христиандарын куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

«Сиздерди жаркын Пасха майрамы менен куттуктайм. Бул христиандардын майрамы жан дүйнөнүн,сүйүүнүн, боорукерлик жана үмүттүн майрамын символдоштурат. Пасха ийги иштерди, тынчтыкты, биримдикти, адамдар арасында түшүнүшүүнү бекемдейт» деп айтылат куттуктоодо.

Пасха—православ христиандарынын негизги диний майрамы, Иса пайгамбардын жан дүйнөнү жабыркоодон сактап калыш үчүн жашоого кайтып келишине ишенген күн, өзгөчө майрам.

Бул күнү православ христиандары жумуртканы боеп, таттуу токоч—кулич жана пасха—быштак менен мейиз кошулган азык жасап, Иса пайгамбарды, анын жашоого кайтып келишин, жаздын жаркын күнүн, жашоонун маңызын даңазалап, бул жашоодон өтүп кеткендерди эскеришет.

Алар бири-бирин «Христос воскресе!” (“Иса пайгамбар кайтып келди!”) деп куттукташып, “Воистину воскрес! ( “Чындыгында тирилип келди!”) деген жооп алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты