Президент Ош шаарында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты

Cадыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарынын борбордук аянтында шаар күнүнө карата орнотулган жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Мамлекет башчы шаардыктарга жана меймандарга кайрылып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу биздин көз карандысыздыгыбыздын, эгемендигибиздин, элибиздин биримдигинин ыйык белгиси экенин белгиледи.

Ал тарыхый фактылар кыргыз элинин тууга болгон мамилеси жөн гана символ эмес, дүйнөтааным менен турмуш философиясынын бир бөлүгү болгонун тастыктап турганын баса көрсөттү. Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлерибиз кызыл туунун алдында ант беришкен.

Президент шаардын так ортосуна мамлекеттик туубузду 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү менен Ош шаарынын 3025 жылдыгын белгилөө башталып жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Ош шаарында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты
Президент Ош шаарында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты
Президент Ош шаарында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты
Президент Ош шаарында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты