Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

-Кыргыз эли искусствонун беш салаасы: музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө не бир чыгаандарды берди. Мына ошондой жалпы элдин жарпын жазып келген кыргыз маданият тармагынын дөө-шааларынын жолун улап, искусствонун ар кандай багыты боюнча эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып Ата Мекенибизди бүткүл ааламга даңазалап келаткан уул-кыздарыбыз бар экени кубандырат.

Ошону менен бирге улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын алкагында руханий мурасты сактоого салым кошуп, инсандын руханий — адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын ишке ашырууга салым кошуп келе жатасыздар. Албетте, мамлекет мындай атуулдарын ар тараптан колдоп алат. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100%га чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда, -деп айтылат куттуктоодо.

 Бүгүн, 2- ноябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты