Президент Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына автобус белек кылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды.

Кечээ, 6-июнда, Кыргызстандын Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттештен кийин мамлекет башчы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Кечээ, 6-июнда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо  Кыргызстан-Малайзия футбол мелдеши болду. Бүгүн дүйнөлүк чемпионаттын 2026-жылга тандоо боюнча таймашынын 5- туру өттү. Мелдеш 1:1 эсеби, тең чыгуу менен аяктады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты