Кыргызстан-Малайзия футбол мелдеши 1:1 эсеби менен аяктады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-июнда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо  Кыргызстан-Малайзия футбол мелдеши өттү.

Бүгүн дүйнөлүк чемпионаттын 2026-жылга тандоо боюнча таймашынын 5- туру өттү. Мелдеш 1:1 эсеби, тең чыгуу менен аяктады.

Бүгүнкү оюнда биринчи голду Гүлжигит Алыкулов киргизди. Ал эми Валерий Кичиндин тобу Эржан Токотаевдин дарбазасына кирип кетти.

Беш турдан кийин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 10 упай алып, өз тобунда экинчи орунда келе жатат. Малайзия командасы 8 упайга ээ болду.

Оюндун 6-туру 11-июнда болот. Кыргызстан командасы Оман командасы менен ойнойт.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты