Бишкекте «Биримдик Кут» конушунда мектеп автобустарынын саны көбөйтүлдү
- 1 неделя мурун
Бишкек шаарынын «Биримдик Кут» конушунда жашаган мектеп окуучулары үчүн каттамга чыккан мектеп автобустарынын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
2025-жылдан бери каттамда эки автобус иштеп келсе, ага дагы бир автобус бөлүндү. Эми үч мектеп автобусу тейлөөдө.
Келечекте жаңы жаңы автобус каттамын ишке киргизүү каралган. «Биримдик Кут» конушунда №177 кичи автобус каттамы жүрөи. Күн сайын каттамга 14 автобус тейлөө кызматында болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




