Кыргызстан-Малайзия футбол таймашы: Коомдук тартипти сактоого 2000ден ашык милиция тартылат

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-июнда, Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиодо Кыргызстан-Малайзия футбол таймашында коомдук тартипти камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миң 600дөн ашуун кызматкери тартылат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ичи иштер башкармалыгы билдирди.  

Бүгүн дүйнөлүк чемпионаттын 2026-жылга тандоо боюнча таймашынын 5- туру өтөт.

Маалыматта айтылгандай, оюн башталаардан бир нече саат мурун Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери, борборубуздун айрым көчөлөрүн өзгөчө көзөмөлгө алат.

Ал эми, оюн алдында кинологиялык топтор стадионду жана анын тегерегиндеги аймактарды жардыруучу жана шектүү буюмдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүшөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек шаардык ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты